Нурмат Садыров Кореядагы күйөрмандары менен жолугушту. (фото)

Ушул жылдын 25- сентябрында, Нурмат Садыров Кореянын Кыргыз диаспорасынын жолугушуусуна катышып, өзүнүн өнөрүн тартуулап, чыгармачыл кечесин өткөргөн. Ырчынын айтымында Кореядагы мекендештер анын сахналашы, ырчы Толгонай Арзыкееваны да чакырышкан. Эки ырчынын концерти жогорку деңгээлде өтүп, мекендештер менен бирге даам татышып, бийлеп көңүл ачышкан.

«Алыста жүргөн жердештер менен жолугушуу мага өзгөчө дем тартуулайт. Алардын сагынычтарын таратып, кыргызча ырларды жандуу ырдап, көңүлүн көтөрүү мен үчүн чоң жоопкерчилик», - дейт ырчы.


Нурмат Садыров Кореядагы күйөрмандары менен жолугушту. (фото)


    26-09-2018