ЖАҢЫ КЛИПТИН ПРЕМЬЕРАСЫ! ЫЙЛАБА ЖҮРӨК...

Нурмат Садыров ырчы Эдил Маматов менен биргеликте күйөрмандарына "Ыйлаба жүрөк" аталышындагы жаңы ырды жана ага тартылган клипти презентациялашты.

Ырчынын айтымында клип Бишкекте 10 күн жана Туркиянын Стамбул, Анталия шаарларында 2 күндүн ичинде тартылган.

"Сөзү мага, обону Эдилге таандык болгон бул ырдын клибин тартуу өзгөчө ырахат тартуулады. Ырдын маанайына жараша, аба ырайы да бизге мүмкүнчүлүк түзүп, жалпы сюжетке кооздук берип турду. Ырга клип да жарашыктуу болду деп ойлойм. Калган кызыктарды видеоклиптен көрө аласыз",- дейт ырчы.

Жаңы видеоэмгектин жаралуусуна 3 ай убакыт кеткен. Клип тартуу жоокерчилигин клипмейкер Эрнист Сыдыков өз мойнуна алган.

Клипти көрүү үчүн бул шилтемени басыңыз
    27-03-2018