ЖАКЫНДА! НУРМАТ САДЫРОВ ЖАНА ЭДИЛ МАМАТОВДОН ЖАҢЫ КЛИП

Репертуарындагы ырларынын дээрлик баары лирика жанрында болгон ырчылардын бири Нурмат Садыров жакында ырчы Эдил Маматов менен биргеликте күйөрмандарына "Ыйлаба жүрөк" аталышындагы жаңы ырды жана ага тартылган клипти презентациялоо алдында турат.

Ырчынын айтымында клип Бишкекте 10 күн жана Туркиянын Стамбул, Анталия шаарларында 2 күндүн ичинде тартылган.

"Сөзү мага, обону Эдилге таандык болгон бул ырдын клибин тартуу өзгөчө ырахат тартуулады. Ырдын маанайына жараша, аба ырайы да бизге мүмкүнчүлүк түзүп, жалпы сюжетке кооздук берип турду. Ырга клип да жарашыктуу болду деп ойлойм. Калган кызыктарды жакында жарык көрчү видеоклиптен көрө аласыз",- дейт ырчы.

Жаңы видеоэмгектин жаралуусуна 3 ай убакыт кеткен. Клип тартуу жоокерчилигин клипмейкер Эрнист Сыдыков өз мойнуна алган.

Клиптин трейлери:
    04-03-2018