Нурмат Садыров & Эдил Маматов - Ыйлаба жүрөк


Скачать     Скачиваний: 5496

Сөзү : Нурмат Садыровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку

Ак жамгырда сени издедим
Жаным үнүң угулат
Көздөрүңө байланганмын
Көргүм келет ар убак
Ыйлаба жүрөк, өкүнгөн менен айла жок
Ыза толгон күйүтүм бар, сен сезбейсиң а бирок...

Кайырма:

Ыйлаба жүрөк
Бул күндөр өтөт
Азыр жол таппай адашып жүрөт
Ыйлаба жүрөк
Өзүңдү күтөт
Өмүрүн арнаган жан

Эсиңдеби эркем менин
Эң алгачкы сезимдер
Мезгилинде гүлүн ачкан
Жаным деген эриндер
Ыйлаба жүрөк, өкүнгөн менен айла жок
Ыза толгон күйүтүм бар, сен сезбейсиң а бирок...

Кайырма:

Ыйлаба жүрөк
Бул күндөр өтөт
Азыр жол таппай адашып жүрөт
Ыйлаба жүрөк
Өзүңдү күтөт
Өмүрүн арнаган жан
    29-03-2018