Нурмат Садыров - Студенттик күндөр


Скачать     Скачиваний: 1452


Минусовка

Скачать минусовку     Скачиваний: 387

Студенттик күндөр

Сөзү: Акбар Кубанычбеков
Обону: Аскар Бержибаев


Күндөр өттү сүйкүм жатаканада,
Дос болуп кыз-балага,
Барбай сабакка.
Мен да ушундай күндү кечиргем,
Уктап, далай кечиккем,
Кетпейт эсимден.

Өмүрдүн ушул,
Кызыгын турмуштун жаңы көргөн,
Бул учур.
Биринчи сыноодо аша турчу,
Кыр ушул.
Баёолук сезимден келген бизге,
Бул учур.
Жүрөгүмдө калган жетпей арман.

Кайырма:
Окуу жай, окуу жай,
Сенде калды жаштык кездер ай.
Ырга толгон бакыт кечтер ай,
Ошол күндөр ай!
Студенттик күндөр ай!


Бир далай, бир далай,
Сенде калды жаштык кездер ай.
Ырга толгон бакыт кечтер ай,
Ошол түндөр ай!
Студенттик түндөр ай!

Билим карай келген,
Байлап үмүтүн.
Жаштык кезден бир үзүм,
Өткөн күн үчүн.
Жаңы дүйнө менен достошуп,
Максатыбыз шат кошуп,
Жүр жакшы окуп.

Өмүрдүн ушул,
Кызыгын турмуштун жаңы көргөн,
Бул учур.
Биринчи сыноодо аша турчу,
Кыр ушул.
Баёолук сезимден келген бизге,
Бул учур.
Жүрөгүмдө калган жетпей арман.

Кайырма
    01-11-2017