Нурмат Садыров - Мен сени эч кимге бербеймин


Скачать     Скачиваний: 837

Мен сени эч кимге бербеймин

Негедир бардыгын жеңсем да,
Неге эңсөөмдү жеңбеймин,
Мелтиреп үн сөзсүз муңайым.
Мен сенсиз какшаган чөлдоөмүн.

Өзүңдү эч кимге бербеймин,
Өмүрдө болбостур арманым.
Эңсетип кабылган бактым сен,
Эркетай, асылым, ардагым.

Кайрыма:
Бактыма нур чачкан жарыгым,
Башканы мынча не көрбөймүн.
Мейли ким кандай деп айтса да,
Мен сени эч кимге бербеймин.

Жаралып кайрадан өмүргө,
Жашоого экинчи келбеймин.
Андыктан дүйнөдө асылым,
Мен сени эч кимге бербеймин.


Негедир бардыгын жеңсем да,
Сүйүүнү негедир жеңбеймин.
Сезимим делбирим табышмак,
Сен деймин,сен деймин.

Карындаш кара көз жалжалым,
Капилет, карегим, ардагым.
Көргөндөй болдунбу сен дагы,
Көзүмдө сүйүүнүн жанганын.

Кайрыма

Негедир бардыгын жеңсем да,
Тагдырды мен эмне жеңбеймин?
Ал тагдыр сен болдуң жолугуп,
Артка эми кайт десе көнбөймүн.

Мага да тенирим буйруган,
Махабат конушун бербеймин.
Мээлеген мергенчи турса да,
Мен сени эч кимге бербеймин.

Кайрыма
    06-09-2017