Нурмат Садыров - Сүйгөн жүрөк


Скачать     Скачиваний: 147


Минусовка

Скачать минусовку     Скачиваний: 53

Сүйгөн жүрөк

Сөзү: К.Качкынбаева, Н.Садыров
Обону : Э.Жоошев


Тутантып жалынды,
Тургузуп багымды.
Туйганмын мен сенден,
Турмушта барымды.

Үмүтүм күбүлүп,
Сүйүүдөн түңүлүп.
Үлбүрөп турду эле,
Кетчүдөй үзүлүп.

Кайырма:
Сүйгөн жүрөк сени күтөт,
Сезимимде жашап келет.
Жүрөктүн тагы,
Жүдөттү дагы.
Жабыркап турду эле,
Жанбай шамы.


Таштап кадам басып араң,
Тартып жүгүн басып барам.
Азгырган жоругу арзуунун жолубу?
Айтпаган сүйөм деп ашыктык жообубу?

Кайырма
    05-09-2017