Нурмат Садыров "Кайда кеттиң?"


Скачать     Скачиваний: 17

КАЙДА КЕТТИҢ»
с. Жылдызбек Турсунбаев
о. Эдил Маматов

КӨЗДӨРҮҢ ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗ ИРМЕЛГЕН,
МЫНЧАЛЫК СУЛУУЛУКТУ КИМ БЕРГЕН?
БЕЙКАПАР ЖҮРГӨН КЕЗДЕ КОКУСТАН,
ЖАШООМО КОНОК БОЛДУҢ БИР КЕЛГЕН.

КАЙЫРМА:
КӨҢҮЛҮМДҮН АЙ БОЛДУҢ ЭРКЕСИ,
ЖҮРӨГҮМДҮН АЙ БОЛДУҢ ТЕҢДЕШИ.
ОШОЛ КҮНДҮ БАКЫТКА АЙЛАНДЫРЫП,
КАЙДА КЕТТИҢ СЕН ЭРТЕСИ?
ОШОЛ КҮНДҮ БАКЫТКА АЙЛАНДЫРЫП,
КАЙДА КЕТТИҢ СЕН ЭРТЕСИ?

КЕЛДИҢБИ ЖОМОКТОН ЖЕ БЕЙИШТЕН?
ЧЫКТЫҢБЫ ПЕРИ БОЛУП ДЕҢИЗДЕН?
ТҮШҮМДӨ ДАЙЫМ КӨРҮП КУБАНАМ,
ӨҢҮМДӨ ЖОЛУКПАЙСЫҢ НЕЛИКТЕН?
    26-04-2020